Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде Голливуд актёру жана куудул Бен Стиллер менен жолугушту, деп билдирет «Украинска правда» басылмасы.

«Украиналыктар бүткүл дүйнөнүн, көптөгөн атактуу адамдардын колдоосун сезип турушат. Ал эми Бен Стиллердин иш сапары муну дагы бир жолу тастыктады. Сиздин Ирпинге жана Макаровго болгон сапарыңыз, биздин эл менен болгон жолугушууларыңыз көп нерсени айтып турат. Биз сиздердин биздин өлкө үчүн оор мезгилде ушул жерде болгонуңуздарды баалайбыз», — деп жазды Зеленский Фейсбуктагы баракчасына.

Америкалык актёр Украинага Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын ак ниет элчиси катары келген. Стиллер Львовдо, Киевде, Ирпенде жана Украинанын башка шаарларында болду.

«Бул кыйроону сыналгыдан же социалдык тармактардан көрүү бир башка. Мунун баарын өз көзүң менен көрүү башка нерсе «, — деди ал.

Кино жылдызы Зеленскийге кайрылып, аны өзүнүн каарманы деп атады. – Бул мен үчүн чоң сыймык… Сиз менин каарманымсыз! – деп айтты.

«Сиздин жасаган кадамдарыңыз, өлкөнү, дүйнөнү бириктиргениңиз чындыгында шыктандырат», — деп кошумчалады 56 жаштагы актер.