Instagram социалдык тармагынын иштеп чыгуучулары каттоо учурунда колдонуучулардын жашын текшерүүнүн жаңы ыкмаларын сынай баштаганы Meta сайтына жарыяланды.

Жасалма интеллекттин (AI) жаңы куралы жаш куракты онлайн текшерүүгө адистешкен Yoti компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Маалыматка ылайык, Йотинин технологиясы Улуу Британиянын өкмөтү жана Германиянын санариптик жөнгө салуучу органы тарабынан жактырылган.

Учурда Instagram катталуу үчүн 13 жаштан жогору болууну талап кылат. Эми социалдык тармак колдонуучулардан өздүк документинин сүрөтүн көрсөтүү менен жашын тактоону суранышы мүмкүн.

Эми катталуучулар  эки жаңы текшерүү опциясын тандай алышат.

Биринчиси — видео селфи, колдонуучунун жүзүнүн видеосун Йотиге жөнөтөт, ал машиналык үйрөнүүнүн жардамы менен жашты болжолдойт жана муну Instagram менен бөлүшөт.

Экинчи вариант — Instagram «социалдык кепилдик» деп атаган нерсе. Бул параметр жашы жете электерге билдирүү жөнөтүүгө аракет кылганда, анын жашын текшерүү үчүн кат жиберип жаткан жарандан экөөнө тең катталган үч катталуучуну көрсөтүүнү талап кылат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери компания жашы жете элек колдонуучуларды издөө үчүн автоматташтырылган системаларды колдонуп келет. Компаниянын жаңы колдонуучуларынын жашын тактоо чечиминин негизги себеби, бул социалдык тармак жаш балдардын каттоосуна бөгөт коюу жана алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

Буга чейин АКШнын сегиз штатынын жашоочулары Facebook жана Instagram балдарга зыян келтирип жатат деп Meta корпорациясына каршы федералдык сотко кайрылышкан.