Оштун Алай районунда үч жаштагы балага карата зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 27-июнда саат 09:00дөр чамасында милицияга жашы жете элек бала денесинен жараат алып, ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилүү болгондой, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 40 жаштагы И.Н. аттуу тургуну 33 жаштагы Р.А. аттуу аялы менен Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу жашап жүргөн. 6-март күнү Р.А.нын бир тууган сиңдиси 22 жаштагы Р.Ж. өзүнүн үч жаштагы Н. аттуу баласын жай мезгилине чейин карап туруу үчүн таштап кетип, бүгүнкү күнгө чейин эч байланышкан эмес.

Р.А. балага карата зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алган. Жолдошу экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө алып жүрүшкөн. Аны кошуналары байкап калып, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлерине телефон аркылуу билдиришкен.

Соцкызматкерлер айтылган дарекке барганда үч жашар баланын денесинде ар кандай жаракаттарды: колу-буту көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Бөбөктү Сары-Могол айылдык ооруканасына алып барып, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.

Учурда баланын ата-энесин жана анын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Н.га карата тиешелүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга карата юридикалык баа берилет.

Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социялдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынды.