Кылмыш-кырсык

Кочкордо мыйзамсыз берилген 22,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Нарын областынын Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ак-Кыя айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 1997-жылдагы чечими менен О.С. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 22,5 га айыл чарба жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 20 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Көзөмөл органы тарабынан прокурордук акты келтирилип, жогоруда аталган 10 млн 12 миң 500 сомго бааланган  22,5 га айыл чарба жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button