Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган.

Министрликтен белгилешкендей, лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган.

“Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы — паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар/кардарлар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана пациент/кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда. Учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат).

«Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө», — деп кошумчалашты министрликтен.