Бүгүн, 29-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +33…+38
Талас облусунда +31…+36
Баткен облусунда +34…+39
Ош, Жалал-Абад облустарында +34…+39
Ысык-Көл облусунда +25…+30
Нарын облусунда +25…+30
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.