2022-жылдын 29-июнунда «Манас» эл аралык аэропортунда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Даламанга 178 жүргүнчү учуп кетти.

“Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алынды. Иш-чарага Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Айбек Байышбаев, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш иштер боюнча орун басары Расул Мамашов, Roxiana Travel Company Башкармалыгынын төрагасы- башкы директор Тавфикбек Азизов, Түркиянын Туризм министринин кеңешчиси Ахмет Хамди жана башкалар катышты”, — деп билдиришти аэропорттон..

Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарат.