Коом

«Манас-Ата» кафесинин ээси элден кечирим сурап, администратору кызматтан кетти

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына «Манас-Ата» кафесинин ээси чакыртылды.  Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдагандай Ош шаарынын Манас-Ата кафесиндеги окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери бул тууралуу маалыматтар интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн. Бүгүн бул окуяны текшерүүнүн алкагында аталган кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды.

Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгендигин билдирди.

Ошондой эле тергөө кызматына аталган кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жаржамчысы Ориф Аширалиев тергөө кызматына алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришти.

Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.

Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button