Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыштарды, интригаларды жыйыштырып, анын ордуна ошол өнүгүүдөн артта калбай чогуу кетишибиз зарыл. Бул туурасында президент Садыр Жапаров парламентте жасаган билдирүүсүндө айтты.

Ал Кыргызстанда азыр экономиканы жолго коюп, андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турганын белгиледи.

«Урматтуу депутаттар, алдыбызда сырткы карызды төлөө, каржы булактарын табуу деген чоң маселе бар. Бул көйгөй менин учурума туш келди. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылда алган карызыбызды төлөшүбүз керек. Албетте, мындай олуттуу маселелерди сиздердин колдооңуздар астында чечебиз деп ишенем. Ошентсе да саясий упай топтоп, электорат көбөйтөм деген саясатчыларга эмгек акыларды көтөргөндү, мектеп, жол салганды, ири долбоорлорду ишке ашырганды мындай коёлу, сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе менен айлабыз куруп турган маал болгонун эске сала кетейин», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал сырткы карызга быйыл 23 миллиард, кийинки жылы 25 миллиард сом төлөө керектигин билдирди.