Жалал-Абадда «Ага-ини» тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта ылайык, учурда 28 бейтап ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда. Тамактануучу жайга 7 миң 500 сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

«Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарды тез татымдардан тамактанбай турууга чакырат. Учурда шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилүүдө», — деп жазылат маалыматта.