Курбанбек Камчыев Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Камчыев Курбанбек Камчыевич ээлеген кызматынан бошотулду.