«Дордой» базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда саат 11де билдиргендей, базарда жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен алышууга 10:19да өрт өчүрүүчү бир бөлүм, 10:25те кошумча эки бөлүм, саат 10:30да дагы бир бөлүм, суу ташуучу бир машина, 10:33тө бир, саат 10:36да дагы бир бөлүм тартылганы маалымдалды.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрт өчүрүү башкармалыктарынан алты бөлүм катышууда.