КР Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына студенттерди мыйзамсыз кабыл алуу боюнча КР УКМКнын маалыматына комментарий берди.

Аталган башкармалык 2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөнүн белгиледи. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

«Бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайларына каттоо жана кабыл алууда болгондугун белгилейбиз. Андыктан быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу баштала элек болгондуктан, бул мыйзам бузуулар менен байланышы жок экенин белгилей кетүү керек», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле алдыңкы мамлекеттик университеттердин биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери, мамлекеттик гранттык орундарга абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча маалыматтар түшкөн. Ошентип, 50 абитуриент мыйзамсыз түрдө гранттык орундарга ээ болушкан.