Коом
Жыл башынан бери дээрлик 36 миң жаранга пенсия чегерилди
Социалдык фонд 2022-жылдын январь-июнь айларында 35 миң 930 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2022-жылды июнь айында 4898 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 746 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.