Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда Бишкек менен Кытайдын шаарларынын ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисин жакшыртуу долбоору жана борбор калааны санариптештирүү маселелери каралды.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.