Бүгүн, 9-июль Ош шаарында борбордук аянтта ыйык Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Майрамдык Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.

Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.

“Сиздерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан, шаардын мэриясынын жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү ар бирибиз муктаж болгондорго жардам берип, ата-энелерге терең урмат-сый көрсөтүп, туугандарга, досторго зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран түшүрөбүз. Курман айт ар бир үйгө тынчтык жана береке, жылуулук жана кубаныч, биримдик жана ынтымак алып келсин!  Майрамда бардык жакшы ниеттериңиздер, жакшы тилектериңиздер ишке ашсын!”, — деди М.Исаев.