Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Ислам үммөтү үчүн улуу майрам баалуулуктардын, жакшылыктын, ыймандын жана адилеттиктин болуп көрбөгөндөй көрүнүшү катары мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Кайрымдуулук менен ырайымдуулукту чагылдырган бул Курбан айт дүйнөгө жылуулук тартуулап, элдерибиздин ынтымагын арттырсын», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт жана жооптуу ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.