Каналдагы сууга чөгүп бара жаткан баланы куткаруудагы видео ММКларда жана социалдык тармактарга  тараган. Тасмада  формачан үч адам каналга түшүп кеткен баланы сактап калууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Баланын артынан эки киши каналга секирип, үчүнчүсү жээктен таяк сунуп, баланы суудан чыгарышкан. Бирок экинчи куткаруучуну агым алып кеткен. Аны куткаруу үчүн кесиптештеринин бири жардамга шашат, агым экөөнү тең алып кетет. Соңунда видео үзүлүп, адамдар чөгүп кеттиби деген суроо ачык бойдон калган.

Алгач казакстандык басылмалар өзгөчө кырдаал Жамбыл облусунун Мерке айылында болгонун жазышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Талгат УАЛИ видео Казакстанда тартылбаганын белгилеген.

Түшкө жакын казак маалымат каражаттарында каргашалуу окуя Кыргызстандын аймагында болгондугу тууралуу маалымат пайда болду.

Ал арада Кыргызстанда баланы куткаруу учурунда куткаруучулар сууга чөгүп кеткен окуя болбогону тууралуу маалымат чыкты.Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө мындай окуя катталган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бул окуя коңшу мамлекеттерде да катталбаганы белгилүү болду.

Маалым болгондой, окуя бир күн мурун Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунда болгон. Өспүрүм каналга түшүп кеткен досун куткаруу үчүн жакын жерде жүргөн үч патрулдук милицияны жардамга чакырган. Алар анын досун сактап кала алышкан.

Бул укмуштуудай окуяны баяндаган кытайлык басылмалар куткаруучулар өздөрү суудан чыгып, андан соң куткарылган өспүрүмдү ооруканага алып кетишкенин жазышты.