Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген.

Бул маалымат Баткен райондук милициясына катталып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды.

«11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Баткен районунун тургундары 26 жаштагы К.С. менен 37 жаштагы К.К. Геревшин жайлоосуна эс алганы койчу 35 жаштагы У.А.нын үйүнө барышкан. Эртеси күнү 14:30дарда үйдүн ээси ок атуучу куралын октоп жатканда кокусунан атылып кетип, 37 жаштагы К.К.га тийген», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле замат К.С. менен У.А. анын жараатын байлап, Курбака тилкесиндеги аскер кызматкерлерге кайрылышкан. Ал жерде мединциналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03:30дар чамасында Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ошол учурда К.К. алган жараатынан улам каза болуп калган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.