Июль айында Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча кошумча аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Узбекистон хаво йуллари” авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат.

Буга чейин Ташкент шаарынан Бишкекке болгон авиакаттамдар жумасына эки жолу гана аткарылып келген.