Мыкты кинодолбоорго сынак жарыяланды. Шарттары
Кинематографисттер арасында көркөм жана даректүү тасмаларга «Эң мыкты кинодолбоор» сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
«Долбоорлор инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө түрткү берген, патриоттуулукка үндөгөн, социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган темаларды камтуусу зарыл», — деп жазылат маалыматта.
Кабыл алуу эрежелери:
тасманын авторлору кыргыз жараны болушу керек;
долбоорлор кыргыз же орус тилинде кабыл алынат.
Талаптар:
Долбоордун берилген темага ылайыктуулугу (1-2 барак).
сценарий;
өтүнүч (автордун тасма аркылуу берейин деген ою).
календардык план;
долбоордун бюджети;
кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристинин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссёрдук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ;
режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга макулдук каты;
тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.
«Тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 5 экземпляр болушу керек. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт», — деп айтылат билдирмеде.
Кошумча маалыматты 312 300265, 312 301046 телефондоруна чалып алса болот.