2022-жылдын 17-июлунан 27-июлуна чейин “PISA- 2025 изилдөөсүнө катышуу –Кыргызстандагы жалпы билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун жолу” аттуу жайкы мектепте окутуулар башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жайкы мектеп Кыргызстанда алдыдагы “PISA-2025” эл аралык изилдөөсүнө катышууга байланыштуу иштерди уюштуруу жана өткөрүү максатында уюштурулган.

“Окуу жүктөмдөрүн азайтып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, маалыматтык технологияларга басым жасоо, билим берүүнү заманбап стандарттарына шайкеш келтирүү зарыл. Мугалимдерди PISA стандарттары боюнча окутуулар башталды. Алар  сентябрдан баштап окуучуларды ушул стандарттарга ылайык окутуп башташат”, — деди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жайкы мектептин ачылышында.