Урматтуу Баткен облусунун тургундары! Сиздерди Баткен ОИИБы каржылык алдануулардан оолак болууга, ошондой эле азыркы кезде турак жай, кыймылсыз мүлк алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн кооперативдер менен келишим түзөрдө ойлонуп кадам ташташыңыздарды суранат. Анткени кооперативдер тарабынан берилген убадалар акыр-аягына чыкпай, миңдеген жарандар жабыркады.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө “S-line”, “Ихсан групп ЛТД” жана “Биринчи турак жай” сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Арасында Баткен облусунун тургундары да жок эмес. Азыркы күндө жогорудагы алданууларга Баткен облусу боюнча 10го жакын жарандар арыз менен облустун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууда.

Бирок мындай кооперативдер улам жаңы ат менен пайда болуп, калың элге рекламаларын кеңири жайылтууда. Ошондуктан ар бир жаранды так болууга,  каржылык сабатын жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырабыз.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы