Дүйнөдө коронавирустун «омикрон» штаммынын «кентавр» деп аталган жаңы түрү жайылууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлап, анын белгилери, жугуу коркунучу тууралуу маалымат берди.

«Кентавр» алгач Индияда аныкталган. Бирок вирус башка өлкөлөргө, тагыраагы, Улуу Британия, АКШ, Австралия, Канада, Германияда жайылып, азыр Россияга тез өтүп кетти. COVID-19дун бул түрү өлүм учурларынын аздыгы менен айырмаланат. Бирок окумуштуулар вирустун бул жаңы түрү тез жугат деп божомолдошууда», — деп айтылат маалыматта.

«Кентаврдын» белгилери:

— вирустун бул түрүн жуктурган учурда адамдын эти ысыйт;

— алсыздык;

— булчуң, баш, ашказан ооруйт;

— дем алуу органдары көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония көп болбойт.