1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 50 пайызга чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эске салсак, жыл башында министрлер кабинети быйыл пенсия менен жөлөк пул 50 пайызга өсө турганын убадалаган.

Жыл ичинде социалдык жөлөк пул эки жолу көтөрүлсө, 1-апрелден тарта билим берүү, медицина, маданият кызматкерлеринин айлыктары жогорулады.

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маяналары көбөйө турганы маалым болду.