Орусиянын президенти Владимир Путин Россиянын “Большая перемена” сынагына катышкан мектеп окуучулары менен видеоконференция аркылуу жолугушту. Иш-чарага кыргызстандык Чынара Тилекматова катышып, долбоордун алкагында Владимир Путин менен баарлашты.

Тилекматова Бишкектен келгенин, ал “Россотрудничестводо” волонтердук иш менен алектенерин айтты.

«Мен “Россотрудничестводо” волонтерлук иш менен алектенип жүрүп, “Большая перемена” тууралуу билдим. «Большая перемена» бул мүмкүн эмес нерсени мүмкүн кылат экен, анткени менин жашоомдогу үч кыялымды ишке ашырды десем болот. Биринчи кыялым сиз менен жолугуп, баарлашуу. Экинчи кыялым – Орусиянын эң мыкты университетине тапшыруу. Үчүнчү кыялым – Артекке баруу эле. Бүгүн сиз менен жолугуп бул кыялымдын бири орундалды.
Мен бул сынакка катышып, жеңүүчү болдум. Буюрса Орусиянын эң мыкты университетинде окуйм деп ишенем жана Эл аралык мамлекеттик университеттин юридика факультетинде окугум келет. Мен өзүмдүн ата-тегиме окшош болгум келет, анткени менин ата-тегимдин баары чоң энемден, чоң атамдан, ата-энемден бери Россияда билим алышкан, эми мен да алардын жолун жолдоп Россияда билим алам деген оюм бар», — деди ал.

Владимир Путин анын үй-бүлөсүндө Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу жакшы салттары бар экенин белгиледи. «Бул салт сакталып, сиздердей жаштарга өтүп жатканы абдан жакшы. Мен сага ийгилик каалайм. Бизге ушундай креативдүү, ийгиликтүү жаш таланттуулар керек», — деди Путин.