Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча адам сатуунун курмандыктарынын 71 пайызы аялдар жана кыздар, калган 29 пайызы эркектер жана балдар. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинде журналисттер менен болгон жолгушууда билдиришти.

Эксперттердин маалыматы боюнча, 30,2 миллион жабырлануучу (75 пайыз) 18 жаштан жогоркулар.

18 жашка чейинки балдардын саны 10,1 миллион (25 пайыз) деп бааланат.

Эгерде мурда адам сатуу тармагы кирешелүүлүгү боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген болсо, бүгүнкү күндө ал курал-жарак соодасын жана баңги аткезчилигин басып өтүп, дүйнөдө биринчи орунду ээледи. Тилекке каршы, бул адам сатуунун тез жана эбегейсиз өсүшүнүн жана суроо-талаптын көрсөткүчү.

Адам сатуу индустриясы өтө кеңири жана сексуалдык кулчулукту (аялдарды жана балдарды), мыйзамсыз органдарды трансплантациялоону, чет өлкөдө мажбурлап никеге турууну, кайырчылыкты жана башкаларды камтыйт.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да адам сатуу дээрлик жашыруун көрүнүш бойдон калууда, жылына расмий түрдө бир нече гана учурлар катталат. Буга адам сатуунун курмандыктарынын өз окуяларын ачыкка чыгарбоо чечими себеп болууда.

Жыл сайын 30-июлда Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнү белгиленет.