Коом

Айдоочу орой мамиле жасаса эмне кылуу керек? ИИМдин кеңеши

Ар бир жаран узак жолго чыкканда же бара турган жерине тез арада  жетүү максатын көздөп такси кызматын  жалдашат. Анткени ар биринин эле унаасы боло бербейт же унаасын оңдоого берип койгон. Андан сырткары бул коомдук унааларга караганда өтө ыңгайлуу.

Бирок, бул учурда дагы кошумча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Мисалы, айдоочунун оройлугу, чакырган жерине кеч келиши же жөн жерден чыр-чатак чыгарышы. Мындай учурда такси кызматын жалдаган жарандар эмне кылуусу керек?  Жарандарга ыңгайсыздык жаратып, орой мамиле кылып, чыр-чатакка барган  айдоочуларга кандай аракеттерди көрүү керек? Интернет мейкиндигинде айдоочулардын мамилесине нааразы болгон жарандар көп болуп жатканына байланыштуу,  Ички иштер министрлиги бир нече кеңештерди сунуштоону чечти.

-Эгерде сиз жалдаган айдоочу орой мамиле кылып баштаганда, сабырдуулук менен унааны токтотууну талап кылыңыз. Анткени унаасын токтотпой, уруша баштаса кайгылуу окуяларга чейин жетиши мүмкүн. Башында айдоочу менен сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Бирок аны коркутууга аракет кылбаңыз.  Бул учурда айдоочу сиздин үстүңүздөн арыз жазып, сиз эч нерсени далилдей албай калышыңыз мүмкүн.

-Эгерде сизде айдоочунун орой мамилесине же башка укук бузган аракеттерине карата далилиңиз бар болсо. Ошондой эле, далилдериңиз бар болгон учурда милицияга  дагы кайрылсаңыз болот.

-Эгерде айдоочу сизге же жакындарыңызга карата кол көтөрүп же коркутуп жаткан учурда жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылып же 102 кызматына кабарласаңыз болот.

Урматтуу айдоочу! Кардарларыңыздарга сылык мамиле кылып, оройлукка жана башка укук бузган аракеттерге жол бербөөнү сунуштайбыз. Кыргызстанда ар бирибиз бирдей укукка ээбиз. Ошондой эле,  кардарлар менен маселени чечишүүгө алаксып кетүү  сиздин унаа башкарууңузга терс таасирин тизгизиши мүмкүн экенин эсинизден чыгарбаңыз.  Жолуңуз  шыдыр болсун айдоочу!

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button