Бишкек-Ош жолундагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан маалымдашты.
Ага ылайык, мындай чектөө бүгүндөн баштап 7-августка чейин, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
29-июль — 7 август күндөрү киргизилген чектөө убактылары:
— саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
— саат 08:00дөн 10:00гө чейин,
— саат 12:00дөн 14:00гө чейин
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — дешти мекемеден.