Бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел кирген үйлөр тазаланып, жол каттамы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, Жети-Өгүз районунда саат 08:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолгон сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган.

Ошондой эле Кичи-Жаргылчак айылындагы 2 үйдүн короосун, сарайын каптап, 1 үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына суу кирген. Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч, №3 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, толук тазаланып иш-чаралар аяктап, унаа жолу эки тараптуу ачылган.