2022-жылдын 4-августунда лифт куруу заводунда Кыргызстанда чыгарылган биринчи лифттер менен жүргүнчүлөр ташылат.

Чокан Валиханов көчөсү, 5 (Лев Толстой көчөсү менен кесилишкен) жаңы имаратта SKY ELEVATORS компаниясынан эки лифт орнотулду. Курулуш иштери толугу менен аяктап, имаратта медициналык пункт жана эмерек жасоочу цех жайгашат.

Завод жылына 500 даанага чейин жабдууларды чыгарууга даяр экени белгиленген. Ошол эле учурда тетиктердин 70%ке чейинкиси заводдо даярдалат, 30%ы гана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.

Бирок келечекте бул тетиктер (электрондук жабдуулар) заводдо да чыгарылат. Ата мекендик лифттердин баасы логистикалык жана бажылык чыгымдарды үнөмдөөгө байланыштуу импорттук лифттерге караганда болжол менен 30% төмөн.