Бишкекте алгачкы ата мекендик лифттер орнотулду. Алардын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 4-августта болду, деп билдирди өндүрүштүк компания.

Чокан Валиханов көчөсүндөгү үч кабаттуу жаңы имаратка Sky Elevators (Sky Industrial Group курамына кирет) ишканасынан эки лифтти орнотулду. Курулуш иштери бүткөрүлдү, имаратта медициналык пункт жана эмерек цехи болот.

Sky Elevators белгилегендей, бүгүнкү күндө завод жылына 500 даанага чейин жабдууларды чыгарууга даяр. Ошол эле учурда тетиктердин 70%ке чейинкиси заводдо даярдалып, 30% гана башка өлкөлөрдөн ташылып келүүгө аргасыз. Бирок келечекте бул тетиктер (электрондук жабдуулар) заводдо да чыгарылат.

Ата мекендик лифттердин баасы логистикалык жана бажылык чыгымдарды үнөмдөөгө байланыштуу импорттук лифттерге караганда болжол менен 30% төмөн.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле «Скай лифттери» орусиялык МТК компаниясы менен лифт продукциясын Орусияга жеткирүү боюнча келишимге кол койгону белгилүү болду.