Жакында эле, 21-июлда Кыргызстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын башын бириктирген кеңешмеси өттү. Бул жөнүндө түрк басылмалары да жазып, анын ичинен www.oncevatan.com.tr сайты жарыялаган профессор Абдулвахап Каранын макаласынын котормосун сунуштайбыз.

Кеңешмеде талкууланган барандуу багыттардын бири — бул суу маселеси. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бул талкуунун алкагында Арал деңизинин суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу үчүн чечкиндүү чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.  Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын Президенти Арал деңизинин бассейниндеги суу ресурстарын туура пайдаланууну камсыз кылуу үчүн климаттык көйгөйлөргө, суу-энергетикалык ресурстарга суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу конкреттүү чараларды көрүү керектигин айтты. Аралды калыбына келтирүүнүн эл аралык фондунун алкагында Борбор Азия өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маанилүү экенин эскерте кетти.

Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эн бериси 1960-жылдары башталган экологиялык көйгөй, өзгөчө Арал деңизинин кургашы, тилекке каршы, азыр да уланууда.  Региондо жашаган адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына мындай өзгөрүүлөр өзгө айтпаса да, зыянны айдан ачык. Кургакчылык, бара-бара чөлгө айланып бараткан суулар, дарыялардын циклдик мүнөзүнүн өзгөрүшү жана глобалдык климаттын өзгөрүшү, албетте, баары бири-биринен көз каранды.

Арал деңизи Өзбекстан менен Казакстандын аймагында жайгашканы менен, Арал маселеси коңшу аймактагы башка мамлекеттерге, ал тургай дүйнөнүн алыскы аймактарына чейин экологиялык зыян алып келет.  Ушул себептен Бириккен Улуттар Уюму, өзгөчө анын айланасындагы өлкөлөр ар кандай изилдөө иштерин жүргүзүп келишет.  Эл аралык эксперттер ортоктош өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз ачык диалог, өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө, экологиялык көйгөйлөр боюнча биргелешкен аракеттерди биргеликте ишке ашыруу зарылдыгын белгилешет.

Арал деңизи жайгашкан аймактык өлкөлөрдө диалогду жакшыртуу максатында эки уюм иш алып барат.  Алардын бири 1992-жылы түзүлгөн Борбордук Азия мамлекеттер аралык суу координациялык комиссиясы. Ал быйыл 26-апрелде Казакстандын Түркстан шаарында өткөн жыйында 30 жылдык мааракесин белгиледи.

Экинчиден, 1993-жылы Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан биргелешип Эл аралык Аралды куткаруу фондун (IFAS) түзгөн.  Баса, келерки жылдын март айында жалпы суу ресурстарын башкаруу, экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү аянтчасы катары кызмат кылган бул фонддун 30 жылдык мааракеси белгиленет.

Кыргызстан 2016-жылдан бери IFASтын ишине катышуусун “тоңдуруу” чечимин кабыл алган. Бирок, акыркы бир жылдан бери Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун расмий өкүлдөрү IFASтын уюштуруучулук түзүмүн жана укуктук базасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун иш-чараларына активдүү катышып, өлкөнүн расмий позицияларын жана сунуштарын айтып келишет.  Бул ишти алдыга жылдырып, Фонддун кийинки төрагалыгын Бишкекке өткөрүп, трансформация процессин координациялоо пайдалуу болмок,-деп эсептейт проф. Абдулвахап Кара.

Экологдор Борбор Азия чөлкөмү үчүн көңүл бурган дагы бир кырдаал — эл аралык суу мыйзамдарынын бузулушу.  Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү дарыялардагы жана көлдөрдөгү суунун балансын аздыр-көптүр сактап турган бекитилген пландарды жана суу бөлүштүрүүнүн белгиленген принциптерин сактоого макул болушкан. Ал эми макаланын авторунун айтуусу боюнча айрым мамлекеттердин ГЭС куруусу, Аралды куткаруу иштерине терс таасирин тийгизүүдө.  Анткени Түндүк Арал же Кичи Арал деңизине суу Сырдарыядан гана келет.

Жыйынтыктап айтканда, Арал деңизине байланыштуу ири экологиялык көйгөйлөрдүн жана башка кырсыктардын алдын алуу бул жаатта региондогу мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгы менен тыгыз байланышта,- деп белгиленет макалада.  Бул маселени чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди координациялоо жана белгиленген стратегиялык пландарды так аткаруу талап кылынат. Ал эми Борбордук Азиянын мамлекет башчылары IV  Консультациялык жолугушуусунда бул маселенин күн тартибине коюлушу үмүттөрдү жаратууда.

Макала түрк тилинен кыргызчага кыскача редакциялоо менен которулду. Жалпы окурмандарга маалымат үчүн, Арал деңизинин эки негизги дарыясы – Амударыя жана Сырдарыя. Бассейндин аймагында КМШнын курамына кирген беш көз карандысыз мамлекет – Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы, ошондой эле Афганистандын аймагынын бир бөлүгү түзөт.

СССР кулагандан кийин чыр-чатактарды, суу ресурстарын башкаруу жагынан олуттуу кыйынчылыктарды алдын алуу үчүн, ошондой эле сууну бөлүштүрүүдө, сууну чектөөдө жана эсепке алууда тартипти сактоо үчүн Борбордук Азиянын беш көз карандысыз мамлекетинин министрлери (Н. Кыпшакбаев, В.Мельниченко, А.Нуров, А.Иламанов, Р.Гиниятуллин) 1991-жылдын 10-12-октябрында Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн, жолугушуулардын жана талкуулардын жыйынтыгында орток чечим кабыл алган. Анда Борбордук Азия элдеринин коомчулугу, табигый жана экономикалык шарттарды эске алуу менен региондогу суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча алардын бирдей укуктарын жана милдеттерин координациялоо жана башкаруу маселелеринде биргелешкен аракет туура деп талдашкан. 1992-жылдын 18-февралында Алматы шаарында Борбордук Азиянын беш суу чарба министри (Н. Кыпшакбаев, М. Зулпуев, А. Нуров, А. Иламанов, Р. Гиниятуллин) “Биргелешкен башкаруу тармагындагы кызматташтык. Мамлекеттер аралык булактардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо жөнүндө” келишимин түзүшкөн.  Бул макулдашуу иш жүзүндө бирдиктүү органды – Мамлекеттер аралык Координациялык Суу Комиссиясын (МККК) түзгөн.  Бул Макулдашуу 1993-жылдын 26-мартындагы Кызыл-Ордо шаарында мамлекет башчыларынын чечими менен жана алардын «Арал деңизи жана Арал деңизинин аймагы проблемасын чечүү, экологияны реабилитациялоо жана экологиялык тазалыкты камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашуусу» менен бекемделген.