Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун чакыруусу боюнча КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2022-жылы 16-18-август күндөрү Түркияда расмий иш сапар менен жүрөт.

ТИМден билдиргендей, кечээ, 17-августта Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынын өткөрүп, анын жүрүшүндө тар жана кеңейтилген курамда жолугушууларды өткөрүштү.

Тышкы иштер министрлери кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалына жана аны бардык тармактарда өнүктүрүү жана тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө ар тараптан баа беришип, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Тараптар экономика жана соода, коопсуздук жана коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, транспорт жана энергетика, маданият, туризм, спорт сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну жана координациялоону тереңдетүүнү колдошту. Бул контекстте тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу колдонууну макулдашты.

Заманбап шартта транзиттик-транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар эл аралык жер, аба жана темир жол ташууларынын потенциалын кеңейтүү боюнча мындан аркы тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү боюнча эки өлкөнүн лидерлери койгон максатка тез арада жетүү үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин ырасташты. Ушуга байланыштуу Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестициялык) фондун эртелетип түзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын азыркы абалы жогору бааланды.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүн кубатташып, министр Кулубаев бул багытта оюндардын автору болгон өлкө катары Кыргызстан аны колдой тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы октябрь айында Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча келишим түзүлгөн.

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлигин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашышты.

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды улантууга, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы келечекте Түркияда, ошондой эле Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу жана күзүндө стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин 6-жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашты.

Кулубаев түркиялык кесиптешине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынынын алкагында өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.