Коом

Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигин басмырлаган доор Атамбаевдин башкаруусунда болгон — ТИЗМЕ

Азыр интернетте Атамбаев жана анын командасы “сөз эркиндиги” деп эң көп пост жазып жатышат. Атамбаевдин сөз эркиндигин муунтуп, прессаны сотко берип, алсыратып, жок кылганын алар унутса да, эл унутпайт. Тарыхта ташка тамга баскандай жазылып калган.

Сөз эркиндиги кордолгон, ММК, журналисттер, укук коргоочулар, саясатчылар куугунтукка кабылган учурлар Атамбаев президент кезинде эң көп катталган. Алардын айрымдарын тизмектесек:

  1. Уран Ботобековго 1 800 000 сом айып салынган.
  2. “Заноза.kg» сайтына 9 000 000 сом айып салынып, жабылган. Журналисттер Дина Маслова, Нарын Айып, укук коргоочу Чолпон Джакупова эбегейсиз доого жыгылып, аны бөлүп бөлүп төлөө өтүнүчүн сот четке кагып, айыппулду дароо төгүү талабы коюлуп, жана калса Нарын Айыптын энеси жашаган квартираны жана Чолпон Джакуповнын квартирасын сатып, доодон кутулуу талабы да коюлган.
  3. Адвокат Таалайгуль Токтакуновага 10 000 000 сом айып салынып, мүлктөрү камакка алынган.
  4. Мавлян Аскарбековго 50 000 сом айып салынган.
  5. “Азаттык” радиосун сотко берип, 20 000 000 сом доо өндүрүү боюнча арыз менен кайрылган.
  6. Дайырбек Орунбековго 2 000 000 сом айып салган.
  7. Адвокат Канат Азизге 10 000 000 сомго сотко берген.
  8. “Кыргыз тудей” сайтына доо арыз.

Саясий мотив менен төмөндөгү саясатчылар куугунтукталган жана камалган:

  1. Өмүрбек Текебаев,
  2. Дүйшөнкүл Чотонов,
  3. Өмүрбек Бабанов
  4. Камчыбек Ташиев
  5. Карганбек Самаков
  6. Ахматбек Келдибеков
  7. Садыр Жапаров
  8. Бектур Асанов
  9. Кубанычбек Кадыров
  10. Эрнест Карыбеков
  11. Канат Исаев
  12. Бекболот Талгарбеков,
  13. Төрөбай Колубаев
  14. Марат Султанов,
  15. Абдылда Капаров
  16. Максат Кунакунов
  17. Аида Салянова

Ж.б тизме көп…

Эми ушундан кийин атамбаевчилер кайсы бети менен адилеттүүлүк деп айкырат? Атамбаевди айга күнгө теңесеңер да ал жасап кеткен жогорудагы  иштери анын бетине сүйкөлгөн көө катары өчпөйт. Болгону силер «нападение лучшее защита» деген принцип менен жашаган бетпаксыңар да. Бул жагынан силерге эч ким тең келе албайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button