Саясат

Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы кызматташуу жакшы натыйжа берүүдө. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында өз ара пайдалуу орус-кыргыз мамилелеринин бардык комплексин мындан ары кеңейтүүнү камсыздайбыз деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Владимир Путин Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button