Бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон бир топ белгилүүлөр мамлекеттик наамдарды алды.  Камчыбек Ташиевдин “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын алганы тууралуу коомдук саясий ишмер Бекболот Талгарбековдун пикирин билдик.

-Мен Камчыбек Ташиевге  Кыргыз Республикасынын баатыры деген наамды  берилишин абдан туура болду деп  эсептейм, – деп билдирди Бекболот Талгарбеков. – Себеби, мен бул жигитти 1997-жылдан бери билем. Мен Жалал-Абад облусуна ошол жылдары губернатор кызматына бардым эле. Ал кезде Камчыбек Ташиев жаш, бизнесмен жигит экен. Ошондо эле биринчи тапкан кирешелерин элге жумшай баштаптыр. Айылдарга жол салып, көпүрө куруп, көп балалуу баатыр энелерге, колунда жокторго  жардам берип жүрчү. Кийинчерээк мамлекеттик чоң  кызматтарда иштеди. Анда да көп жакшы иштерди аткарды, элге жардамын бергенин улантып жатты. Ташиевдин көп жакшы иштери бар, ошентсе да анын урунттуу кызматтарын эле айтайын, мисалы, 2010-жылы түштүктөгү кандуу июнь окуясында кыргыз-өзбек жаңжалын токтотууда абдан чоң ролду ойногон. Муну баарыбыз билебиз. Эгер калыстык болгондо ошондо эле баатыр деген наамды алышы керек болчу. Андан кийин Кумтөр маселесин көтөрүп, кыргыз элинин, мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп, түрмөгө да жатып чыкты. Бул жигит түрмөдөн да сынган жок. Мына, эки жылдан бери Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп келе жатат. Коррупция менен күрөшүүдө бир топ ийгилик жаратты десек болот. Себеби, канчалаган коррупционерлерди, алардын  мурда кандай кызматтарда иштегенине карабастан, өтө даражалуу адамдар экенине карабастан жеп ичкендердин баарын мамлекетке төлөттү. Чек ара маселесин чечүүдө да жандалбастап иштеп келе жатат. Өзү ишкер, талыкпас, мекеним деген чыныгы эр азамат. Ошону үчүн, азыр, учурунда эмгеги бааланганы жакшы болуп турат. Бизде мындай эмгектер көбүнчө кийин, же көзү өтүп кеткенде баатыр деп мактап калабыз. Ал эми Камчыбек Ташиевге азыркы учурда берилгени абдан жакшы болду. Камчыбек Ташиевге берилген наамды толугу менен кубаттайм жана абдан туура деп эсептейм.