Коом

«Лукойлдун» директорлор кеңешинин башчысы Равиль Маганов оорукананын терезесинен кулап каза болду

Россиянын «Лукойл» мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов Москвадагы борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

«РЕН ТВ» телеканалы билдиргендей, 67 жаштагы жетекчи оорукананын 6-кабатында дарыланып жаткан. Ал эми Телеграмдагы «Mash» каналынын маалыматы боюнча, Маганов ооруканага жүрөгүн дарылатуу үчүн кайрылган. Кошумчалай кетсек, ага мурда депрессия диагнозу коюлган.

Алдын ала версия боюнча, өлүм жыгылуунун натыйжасында алган жаракаттарынан улам болгон, деп билдирди РБК булагы. Өз жанын кыюу версияларынын бири катары каралууда.

Маганов 1993-жылдан бери «Лукойл» компаниясынын директорлор кеңешинин курамында иштеп келген. 2006-жылы компаниянын биринчи аткаруучу вице-президенти кызматын ээлеген. Ал эми 2020-жылы директолор кеңешинин башчысы болгон.

Ошондой эле Маганов компаниянын аталышын ойлоп табуучулардын бири.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button