Коом

Бишкекте жумуш издеп жүргөндөр үчүн жарманке уюштурулат

Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманкени октябрдын башында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.

Соңку ирет мындай иш-чара апрелде өткөрүлгөн. Коронавирус пандемиясына чейин жарманке байма-бай болуп турчу.

«Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кененирээк маалымат октябрга жакын айтылат», — деди Анарбаева.

Жарманкеде жеке компаниялардын ээлери иш издегендерге өзүндөгү бош орундарды сунуштайт. Адатта миңдеген вакансия кездешет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button