Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги  үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи өтүп жатат.

Анда сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн Эл Баатыры наамы берилип жатканына токтолду.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты, ал кайгылуу окуялар менен да коштолуп кетти. Бул ачуу чындык, бирок шибегени капка ката албагандай эле, бул чындыкты дагы жашыра албайбыз. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жака бармак түгүл караандары да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырктары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктаймын», — деди Жапаров.