Саясат

Камчыбек Ташиев: “Мен үчүн бүгүнкү сыйлык күтүүсүз болду”

Бүгүн, 2-сентябрда УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылды.

УКМКнын жектекчиси журналисттерге интервью берип жатып, ал үчүн сыйлык күтүүсүз болгондугун айтып өттү.

“Негизинен бүгүнкү сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Чындыгында мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көп жылдар өтсө дагы биздин эмгекти баалап сыйлык бергендигине. Ал эми биздин, УКМКнын бүгүнкү аткарып жаткан жана келечекте аткара турган жумуштарынын эң негизги багыты – мамлекетибиздин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу. Биздин кызматкерлер өз ишин так аткарып жатат дей ойлойм жана мындан ары дагы аткарат деген ишеничтемин”, – деген Ташиев.

Белгилей кетсек, президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрүп берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button