Кылмыш-кырсык

Бишкекте жаранды 18,5 миң долларга алдап кеткен деп 29 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте жаранды 18,5 миң долларга алдап кеткен деп 29 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, А.Б. аттуу эркек киши милицияга кайрылып, анча тааныш эмес эки аялга чара көрүүнү суранган. Алар 22-апрелде «Ош» базарындагы «Берекет гранд» соода борборунда 18 525 долларлык алтын буюмдарын сатып берүүнү убадалап, бирок күрөөканага коюп из жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Ж.А. аттуу кызга 23-майда издөө жарыяланып, Ленин райондук соту сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

«30-августта алдамчылыкка шектүү кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Андан соң Ленин райондук соту тарабынан кармоо мыйзамдуу деп табылып, баш коргоо чарасы тергөө бүткөнгө чейин үй камагына алуу деп тандалды. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу териштирилип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам милиция кылмышка шектелген кыздан жабыр тарткандар болсо 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149 жана 102 номерине кабарлап коюуну суранды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button