Коом

Эреже бузган айдоочулар тууралуу маалымат берген «Төлөм» кызматы ишке кирди

Жол эрежесин бузган айдоочулар тууралуу маалымат берген «Төлөм» кызматы иштөөдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.

Анын айтымында, «Төлөм» кызматы Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан. Планшетке орнотулган тиркемеден айдоочулардын атын-жөнүн тастыктаган документ жана автоунаанын мамлекеттик номери аркылуу машинанын издөөдө жүргөндүгүн, жасалма же жалган номер тагып алганын, терезелерин мыйзамсыз караңгылатканын, ошондой эле төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар-жогу текшерилет.

«Адатта жол эрежеси бузулганда кызматкерлер айдоочулардын күбөлүгүн албай эле протокол түзөт. Бирок айдоочулар муну оңой ойлоп, такыр эле документи жок автоунаа башкарып, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып, анын кесепетинен жол кырсыктары жаралган фактылар кездешүүдө. Эми айдоочу жол эрежесин бузса, протокол толтуруу менен анын буга чейинки укук бузуулары «Төлөм» кызматы аркылуу текшерилип, чара көрүлөт», — деди Айтикул уулу.

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочулар жана айып пулун төлөбөгөндөр Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ылайык, автоунаа башкаруудан четтетилип, машинасы айып короого киргизиле турганы эскертилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button