Коом
1-декабрга чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды
Биринчи май райондук соту 1-декабрга чейин Бишкек шаарынын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салды.
Тактап айтканда, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин, Президенттин администрациясынын, УКМКнын имараттарынын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында митинг өткөрүүгө болбойт.
Буга чейин мындай чектөө 1-сентябрга чейин киргизилген болчу.