Чүй облусунүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылынын жашоочулары алгачкы жолу интернет байланышы менен камсыздалды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Анвар Акылбеков билдирди.

Суусамыр өрөөнүндө Тунук, Суусамыр, Кожомкул, Биринчи май, Кызыл-Ой жана Кайсар айылдары жайгашкан.

«Кызыл-Ой — Суусамыр өрөөнүндөгү эң алыскы айыл. Ал Бишкектен 250, Жайыл районунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кышы өтө суук, жайы салкын аймактагы 200гө жакын түтүндүн жашоочуларынын көпчүлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Айылыбыздын тарыхында алгачкы жолу интернет байланышы түзүлдү. Бул жашоочулар үчүн жакшы жаңылык болуу менен балдарыбыздын билим алуусуна да өзгөчө шарт түздү», — деди ал.

Ошондой эле ал Кызыл-Ой айылы Көкөмерен дарыясынын боюнда жайгашканын, жери ойдуң, топурагы кызыл болгондуктан айыл Кызыл-Ой аталып калганын да кошумчалады.