Өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, имараттан сырткары 150дөй унаа, 100 атайын техника жана жаңы жабдуулар алынып, ишке берилген.

«Буга чейин биздин кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келе жатышкан. УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду», — дейт Ташиев.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулуп колдонууга бериле баштаган. Учурда кызматкерлер үчүн Бишкекте жана Талас облусунда үй салынууда.