Бишкектеги “Заман” ресторанында биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) унаасынын бет ачары болуп өттү.

Бул унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык.

Анын айтымында, спорттук унаа толугу менен колго чогултулган. 6 жылга созулган жыйында гибриддик материалдар жана түрдүү тетиктер колдонулган. Капоттун астында 300 аттын күчү бар Subaru Legacy унаасынын кыймылдаткычы жайгашкан.

«Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан кыял», – деген Койлубаев унаа коммерциялык максатта жасалбаганын кошумчалады.