Коом

Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк Банк тарабынан 50 млн. доллар бөлүнөт

Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк Банк тарабынан 50 млн. доллар бөлүнөт. Каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров билдирди.

Анын айтымында, насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат.

«Бул долбоорлор Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жатат. Баткен облусун өнүктүрүүгө 5 жылга 50 млн. доллар бөлүнөт. Анын ичинен 24 млн. доллар Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларына каралган. Ар бир шаар 10дон ашуун долбоор сунуштарын тапшырышкан . Негизинен бул долбоор 3 шаардын инфраструктурасын жакшыртууга  багытталган.

Долбоордун алкагында жалпысынан мектептер, балдар бакчаларынын жаңы имараттары курулуп, жолдор оңдолот жана сугат суулары менен камсыз кылынат. Калган 25 млн. доллар Баткен облусундагы айыл чарба агро-класстерин өнүктүрүүгө жумшалат.

Бүгүнкү жыйында Дүйнөлүк Банк менен Баткен шаары сунуштаган эс алуу бактарын оңдоого багытталган 2 долбоор макулдашылды. Долбоордун алкагында 30 млн. сом Баткен шаарындагы 2 эс алуу багын оңдоп-түзөөгө жумшалат. Буюрса  Баткен шаарындагы эс алуу бактарын келээрки жылы балдарды коргоо күнүнө карата бүткөрүп беребиз деген пландарыбыз бар.

Бүгүнкү жыйында тиешелүү адистер менен долбоор сунуштары талкууланды. Буюрса 15-сентябрга чейин кайрадан долбоор сунуштарын карап чыгып, беребиз.  Иш-чаралар Дүйнөлүк Банк жана АРИС тарабынан бекитилген стардарттардын негизинде ишке ашырылат»,-дейт Мадяров.

Белгиленгендей, долбоор инфраструктураны жана мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын жогорулатууга багытталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button