Чүйдүн Токмок шаарындагы ишкана тигүү цехинен чыккан калдыктарды сатып алууга даяр. Бул тууралуу  маалымат жыйынында “Тазалык” ишканасынын директорунун кеңешчиси Адил Назаров билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги таштанды көйгөйүнө тигүү цехтен жана курулуштан чыккан калдыктар дагы кирет.

“Эреже боюнча ал калдыктарды таштанды челектерге таштоого болбойт. Азыр касапканадан чыккан акыр-чикирлерди дагы ыргытып жатышат. Белгилей кетсем, Токмокто тигүү цехинен чыккан калдыктарды сатып алууга даяр ишкана бар. Алар 1 кг калдыкты 3-5 сомдон сатып алууга даяр экенин айтууда. Таштанды таштоочу жайдагы өрт негизинен тигүү цехинен чыккан материалдан болууда”, — дейт ал.

Назаров катуу калдыктарды жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча долбоор иштелип чыкканын белгилейт.

“Тиешелүү ведомстволор менен чогуу иштесек маселе чечилет. Анткени кээде мыйзам жол бербейт же айрым жерлерин өзгөртүш керек болуп калат”, — деди Назаров.