Коом
Абанын күндүзгү температурасы
Кыргызгидромет билдиргендей, 10-сентябрда күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +28…+33
Талас облусунда +23…+28
Баткен облусунда +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35
Ысык-Көл облусунда +24…+29
Нарын облусунда +24…+29
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы +31…+33° болот.